Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугунун абалы оор. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков 13-ноябрда билдирди.
«Ал бүгүн соттук отурумда болуп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты», — деди Жумабеков.
Саясатчынын бир тууганы Рахил Мадумарова сотторго кайрылып, анын ден соолугун эске алууну суранды.