Жактоочу Замир Жоошев кыркы чыга элек чүрпөсү менен сотко жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүштү

Жактоочу Замир Жоошев кыркы чыга элек чүрпөсү менен Бишкек шаардык сотуна жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүштү.

«15-февралда СИЗОдө көз жарган. Үйүндө жашы жете элек 6 баласы күтүп жатат. 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Келин курсактагы баласы менен алган акчасын кайтарып бере албаганы үчүн соттолгон. Бишкек шаардык соту оң чечим чыгарып берет деген ойдобуз», — деп жазды ал.