«Жалал-Абад электр» ишканасынын мурдагы башчысы дээрлик 114 миллион сомдук карызды эсептен чыгарууга шектелип кармалды

«Жалал-Абад электр» ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата электр энергиясына болгон карызды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («коррупция») менен кылмыш иши козголду. Текшерүүдө 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта «Жалал-Абад электр» ишканасынын кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 миллион 838 миң 100 сомдук карызды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталды. Кылмышка шектүү катары аталган компаниянын мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.