Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер добуштарды сатып алуу максатында шайлоочуларга пара берген

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин биринин добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-мартта УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын биринин агитаторлору тарабынан шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын 2 тургуну 1 жашоочу аркылуу тамак-аш азыктарын таркатуу жолу менен шайлоочуларга пара берүүнү уюштурууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар тастыкталган.

26-мартта аталган факт Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 8-апрелде УКМКда өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында партияга расмий түрдө эскертүү берүү чечилип, Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына билдирилген. Тергөө жүрүп жатат.