Жалал-Абадда 35 адам ууланган “Ага-ини” тез татым жайына 7500 сом айып салынып, жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 адам ууланган тез татым жайынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан маалымдашты.

27-июнь күнү “Ага-ини” тез татым жайынан тамактанып, 35 адам ууланган. Аталган окуядан кийин Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7 500 сом айып салынды. Аталган окуяга байланыштуу бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад шаарынын мэриясында жыйын болуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистерине шаардагы тамактануучу жайларды, бат бузулуучу эт, сүт азыктарын, жер-жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.

Буга чейин «Ага-ини» кафесинен 19 адам уулангандыгы кабарланган. Кийин уулангандардын саны 35 адам болуп, алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер бейтаптардын абалы туруктуу экенин билдиришти.