УКМК тарабынан социалдык тармактарда «Жазира Осмонова» деген ат менен белгилүү болгон О.Ж.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган О.Ж.С. өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Ал И.Ч.И. аттуу ишкерди Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана «журналисттик иликтөө» жүргүзүү менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган. Ошондой эле, кылмышка шектүү жаран буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер «Айка Мусаева» менен жакын байланышта болгону аныкталган.
Учурда блогердин ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат. Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды (03722) 5-60-49 номери боюнча нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.