Жалал-Абад шаарында жашыруун оюн уюштурган жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Жалал-Абад шаарында эки жашыруун оюн жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-февралда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин адам келип турган. 15-февралда уюштуруучу жана 2 администратор, ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалган. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.