Жалал-Абад шаарында турак үйдөн чыккан өрт 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 08:30дар чамасында ӨКМге шаардын Курманбек шаарчасынын Кара-Басан көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:31де Жалал-Абад шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). Турак үйдөн чыккан өрт саат 09:00дө чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет.