Ноокенде сөөгү сайдан табылган 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Жансыз денеси Ноокенден табылган жаш кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган жаран аныкталды.

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөр видеожазуу менен бекитилген. Мындан сырткары, кылмыш иши боюнча шектүүнүн Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаасы далил зат катары алынып, унаага кароо жүргүзүү учурунда арткы орундугунан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле унаанын алдыңкы орундугунан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып, экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

Шектүү кармалып, камакка алынды. Учурда кылыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.