Жалал-Абадда 2 кабаттуу тамактануучу жай толугу менен күйүп кетти

Жалал-Абадда тамактануучу жайда өрт чыгып, таңга маал өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун Телман айылындагы Үтүров көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу жалпы аянты 75 чарчы метрди түзгөн тамактануучу жай толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №60 ӨККБнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:54тө чектөөгө алынып, 07:06да толук өчүрүлгөн.