Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди ур-токмокко алып, телефону менен акчасын алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
10-августта Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, 24 жаштагы келин сабалып, тонолгонун билдирип, шектүүнү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
- 29-июлга караган түнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну, 24 жаштагы келин милицияга арыз менен кайрылган. Анда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өзүнө тааныш болгон эркек киши спирт ичимдигин ичип мас абалында уруп, тээп, муунтуп, денесине жаракат келтирип, Redmi 9А телефонун жана Мбанк электрондук картасынан 52 миң 900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген. Келин денесинен жараат алып, оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 206-беренеси боюнча иш козголгон. Териштирүү иштердин жүрүшүндө шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталган.
Шектүү 26-август күнү Кара-Балта шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 1 айга камакка алынды.