Жалал-Абадда 25 жаштагы келин кызганычтан улам муунтуп өлтүрүлүп, үйүнүн жанына көмүлгөн

Сузакта аялды муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

23-июнь күнү саат 21:40 чамасында милицияга Сузак районунун тургуну өзү жашаган үйүндө өзүнүн аялын уруп, өлтүрүп койгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат ошол эле күнү Сузак РИИБге катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө, Сузак районунун Киров айылынын 1991-жылы туулган тургуну өзүнүн 1997-туулган аялын 23-июнга караган түнү кызганычтан улам колу менен муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгондугу такталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Сузак районунун Киров айылындагы үйүнүн короосунда көмүлгөн Сузак районунун тургунунун жансыз денеси табылган жана жансыз денеге карата каза болгондугунун себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 24-июнь күнү Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.