Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абадда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Окуянын чоо-жайы
Бүгүн, 15-сентябрда таң эрте саат 7:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 эркек киши каза болгону" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/unaada-kypchylyp-kalyshkan-tan-erte-jalal-abadda-3-adamdyn-omyry-kyiyldy-syrot/"> маалымдалган эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы жол кырсык боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: "Май ташуучу унааны Нарын облусунун Кочкор шаарынын 1961-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Ош тараптан Бишкек багытын көздөй бара жаткан учурда ВАЗ-2107 Жигули үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун карама каршы тилкесине чыгып кетип, аталган май ташуучу унааны сүзгөн. Анын кесепетинен Жигули унаасындагы 3 адам окуя болгон жерде мүрт кеткен. Каза болгондордун бири Майлуу-Суу шаарынын 1996-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Учурда каза болгон дагы 2 жарандын аты-жөнү такталып жатат".