Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы темир иштетүүчү заводдун меши жарылып, 7 адам жаракат алып, облустук ооруканага кайрылышканы, алардын ичинен 3 адамдын абалы оор экени маалымдалган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден кырсыктын чоо-жайын айтышты. Маалыматка караганда, кечээ, 29-май күнү саат 17:45 чамасында милицияга Жалал-Абад облустук ооруканасынан маалымат түшкөн.
Маалыматта ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз-Кытай темир заводунда жумушчулар иштеп жатып, белгисиз себептерден улам темир эритүүчү мештеги темир жарылып, анын жанында иштеп жаткан жумушчулар денелеринен ар кандай жараат алышып ооруканага кайрылышкан. 2 кыргыз жараны жана 2 кытай жараны медициналык жардам алып чыгып кетишкен. Ал эми дагы 3 кыргыз жараны денелеринен алган жараттарынан улам, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, схема жана фото таблицалары түзүлүп, соттук-медициналык жана өрттүк-техникалык экспертизалар дайындалып, тийиштүү материалдар топтолуп Жалал-Абад ШИИБге катталган. Аталган бул факты боюнча текшерүү иштери уланууда.










