Жалал-Абад облусунда 633 миллион сомдон ашык суммага бааланган “гашиш» баңги заты аныкталып, алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. 23-июль күнү саат 20:40 чамасында Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатууга аракет кылып жаткан үч жаран кармалган. Алардын ВАЗ-2107 жана ВАЗ-2106 үлгүсундөгү унаасынын ичинен ооган тектүү «гашиш» баңгиз аты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 килограмм 29 граммды түзгөн.
Жогоруда аталган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкекте адамдын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 17-декабрда Бишкек ШИИБдин "102"...
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октбярь РИИБден билдиришти. 9-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран кайрылып, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан...
Бишкектеги иш-чарада аял кишини микрофон менен чаап жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. “Аталган факты ресторандын администраторунун арызынын...
Өзгөчө оор кылмышка шектелген адамды чек арадан өткөрүп жиберүүгө шектүү кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аскер...