Жалал-Абадда 3 унаа сүзүшүп, 1 адам ооруканага жеткирилди

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абадда катталган жол кырсыктын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 21-апрелде катталган. Жалал-Абад — Сузак жолунун 1-чакырымында 2005-жылы туулган жаран өзүнүн БМВ 528 үлгүсүндөгү унаасы менен Жалал-Абад шаарынан Сузак айылын карай башкарып бара жатып, каршы багытта келе жаткан жаткан Мазда-Антеза унаасын чийип барып, 1993-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Тико унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Тиконун айдоочусу денесинен жарат алып сынык бөлүмүнө жаткырылды.