Базар-Коргон милициясы ден соолукка залал келтирүүгө шектелген 3 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милицияга Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 23-мартка караган түнү саат 02:00 чамаларында Базар-Коргон шаарынын аймагында өзүнө тааныш болгон 3 бала ич ара пикир келишпестиктен улам сөз талашып уруп коюшкандыгын, алардын бири колундагы темир менен тизесине чаап, сындырып койгондугун билдирген.
Арыз ээсине карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык анча оор эмес дене жараат алгандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 1990, 1991 1995-жылы туулган Базар-Коргон шаарынын тургундары кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.