Жалал-Абадда 51 жаштагы киши ок тийип каза болду. Кылмыштын чоо-жайы

Аксы жана Таш-Көмүр милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

25-март күнү саат 22:00 чамасында 51 жаштагы эркек киши денесинин тийген октон жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө келип түшүп, өзүнө келбей каза болгон. Аталган окуя каттоого алынып, Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, далил буюм катары “ИЖ-16” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы, 1 даана октолгон гильза, 2 даана атылган гильза табылган. Окуя орун алган Разан-Сай айылы Аксы районуна карагандыгына байланыштуу материал Аксы РИИБге өткөрүп берилген. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Таш-Көмүр жана Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Аксы районунун тургуну 1973-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилг=ди.

Шектүү тергөөдө көрсөтмө берип, каза болгон жаран менен спирт ичимдигин ичип отурган учурда, каза болгон жаран үйдө турган мылтыкты алып асманга атып, андан соң дагы октоп, аны көздөй мээлеген убакта жетип барып, колундагы мылтыкты талашып жатып, атып жибергенин айткан.