Жалал-Абад шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
2024-жылдын башынан бери Жалал-Абад ШИИБде жалпы алдамчылык фактысы менен Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун аймагында 11 жаран арыз менен кайрылган. Анда Гүлүм аттуу аял алардын ишеничине кирип, ар кандай товарларын алып кетип, сатып акчасын үч күндө алып келип берем деп качып жүргөндүгүн билдиришип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан. Аталган маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде милиция кызматкерлеринин иш аракеттеринин натыйжасында, 23-ноябрь күнү кылмышка шектүү катарында 1970-жылы туулган аял киши Ош шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү 1970-жылы туулган аял коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталган. Ошондой эле шектүүнүн дагы башка бир нече кылмыштарды жасагандыгы боюнча маалыматтар аныкталууда.