Жалал-Абадда 606 турак жайды сел каптап, Сузакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кечээ, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.

Сүрөттөр Эркин Салиевге таандык.