Жалал-Абадда 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.
«25-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн дарыгери тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарындагы Жеӊиш көчөсүнүн тургуну 9 жаштагы баланын Жалал-Абад шаарында жайгашкан бассейндердин биринде сууга түшүп жатып, кокусунан сууга чөгүп каза болгонун билдирген.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан каза болгон баланын жансыз денесине Жалал-Абад облустук ооруканасынын, Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын прокурорунун орун басары, атасынын катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун атасы бул боюнча арыз жазуудан жана медициналык соттук экспертиза өткөрүүдөн баш таркан. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат«,- деп айтылат маалыматта.