Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында ай сайын өткөрүлүүчү чогулушта “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремистик уюмунун 6 лидери жана 5 активдүү мүчөсү кармалды.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн. Алар кармалып, камакка алынган.
Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди. Баңгизат менен күрөшкөндөр баңги...
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11-августунда...
Бүгүн, 21-августта Бишкектин Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Октябрь...
Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын билдирип, милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти. 18-август күнү Кара-Кулжа районунун 2007-жылы...
Социалдык тармактарда тойдон кийин мушташкан жарандардын видеосу тараган. Окуя боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришип, шектүүлөр кармалганын билдирди. "21-августта социалдык тармактарда...