Студенттен опузалап пара алган кесиптик лицейдин өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну 2005-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү максатында андан 10 миң сом акча каражатын пара катары талап кылып жаткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча 23-сентябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон.
Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы көрсөтүлгөн фактынын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында орун алган кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу 1956-жылы туулган жаран жана ошол эле лицейдин ага мастери арыз ээсинен 10 миң мин сом пара катары акча алып жаткан мезгилде кылмыш үстүндө кармалган.
Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.