14-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургуну (аял киши) милицияга арыз менен кайрылган. Анда 9 жаштагы небересине карата мурдагы 66 жаштагы күйөөсү небересинин эркине каршы 4 жылдан бери ыплас аракеттерди жасап, зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Аталган арыз Жалал-Абад ШИИБде катталып, 9 жаштагы небересинин денесинде жарааттын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталган. Көрсөтмө учурунда 66 жаштагы жаран айтылган сөздөр жалган жалаа экендигин билдирген. Ал эми 21-октябрь күнү саат 17:30 чамасында шектүүнүн өз өмүрүнө кол салгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул факты Жалал-Абад ШИИБге катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган кезде 66 жаштагы жарандын көп кабаттуу үйдүн сарайында асынып, каза болгондугу аныкталган.
Тергөөгө чейинки териштирүүдө ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда тергөөгө чейинки иштери жүргүзүлүүдө.