Жалал-Абадда блогер кармалды. Ал акча талап кылууга шектелип жатат

Жалал-Абадда активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал опузалап пара талап кылууга шектелип жатат. Кармалган блогер социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

12-декабрда ал 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.