Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигит. Апасы уулун "мал тейлейли" деп издеп, таппай калган

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигит. Апасы уулун "мал тейлейли" деп издеп, таппай калган
Бүгүн, 10-майда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абаддын Жаңы-Базар айылында 18 жаштагы жигит дайынсыз болуп изделип жатканын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jalal-abadda-18-jashtagy-jigit-daiynsyz-bolup-jatat-any-18-adam-izdep-jatat/"> билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, жигиттин эшикке чыккан бойдон кайрылып барбаганы маалым болду. "Алгач дайынсыз болуп жаткан баланын апасы бүгүн саат 08:00 чамасында ӨКМге кайрылган. ӨКМ милицияга кабар берген, түшкөн маалымат боюнча материал "дайынсыз жоголуу" болуп катталып, ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Апасы мал-жайды жайгаштыралы деп сыртка чыгып кетип, кайра келбей калыптыр",- дешти милициядан.