Жалал-Абадда душта көз жарып, ымыркайды таштандыга таштаган кызга сот өкүмү чыкты

Буга чейин Жалал-Абадда таштандыдан ымыркай табылганы айтылган. Милициядан 18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылганын билдиришкен.

Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан 2005-жылы туулган Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын тургуну экендиги аныкталган. Ал 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде кыз төрөп, төрөгөн кызын коркуп колуна алып эшикке чыгып, баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абал облустук соту менен байланышканыбызда, кызга карата Жалал-Абад шаардык соту өкүм чыгарганын билдиришти. «9-февралдагы өкүмү менен айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Жазасын аялдардын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсүн делинген.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде, ал 1 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен, чектелген жазаны өтөөдөн бошотулган», — дешти.