Социалдык тармакка Жалал-Абад шаарында тартылган видео тараган. Анда темир көтөргөн балдар шаардагы дүкөндүн алдында ызы-чуу салышканын көрүүгө болот.
Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, видео 2-июль күнү тартылганын, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен.
Жалал-Абад милициясы супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктаганын билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан.