Жалал-Абадда эки айыл тургундары урушуп кетишти

13-14-май күндөрү Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында көзү өтүп кеткен жарандардын элесине арналып 8 айыл өкмөттүн арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулган. Оюндун 14-май күнүндө саат 15:30 чамасында Сары-Талаа айылынын балдары менен Кош-Алмурут айылынын балдары сөз талашып урушуп кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул окуя Ала-Бука РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «бейбаштык» болуп катталып, окуя болгон жерге Ала-Бука РИИБдин тергөө ыкчам тобу, Ала-Бука районунун акими, Ала-Бука РИИБдин башчысы барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ала-Бука районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.