Кечээ, 24-июль күнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абадда эки унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон учур кафелердин биринин көзөмөл камерасына түшүп калган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
«Сузак районунун Чокмор айылынын 1995-жылы туулган тургуну Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен Ленин көчөсү менен бара жаткан. Лексус 330 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу андан озуп кетүүнү көздөп, бирок Хонданы сүзүп алган. Кагылышуунун кесепетинен Хонда унаасынын 2005-жылы туулган жүргүнчүсү жана Лексустун 1993-жылы туулган жүргүнчүсү жабыркаган. Аларга аймактык ооруканада амбулатордук жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.