Жалал-Абадда гашиш сатуу менен алектенген жаран кармалды

Жалал-Абадда гашиш сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Айбек [аты өзгөртүлдү] деген жаран Жалал-Абад облусунда баңгизат сатат» деген маалымат алышкан. Бул факты каттоого алынган. Иликтөө иштеринин алкагында баңгизатка каршы күрөшүүчүлөр жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тесттик сатып алууну жүргүзүшкөн. Алар гашиш сатып алышкан. Ошентип, милиция баңгизат сатуучуну аныкташкан — ал Тогуз-Торо районунун тургуну, 1971-жылы туулган жаран экендиги аныкталды. 

23-сентябрь күнү кечинде Сузак районунда 6 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурунда кармалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат 6 килограмм 940 грамм гашиш экени аныкталган. Жалпы салмагы (мурда сатып алынган менен бирге) 7 килограмм 357 грамм болду.