Жалал-Абад милициясы ижарага алган унааны сатып жиберген шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милицияга Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-декабрь күнү жаранга оозеки келишимдин негизинде Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унаасын такси кызматына пайдалануу үчүн ижарага бергендигин, ижарага алган жаран унааны сатып жибергендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 165 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.