Жалал-Абадда иске ууланып 2 жаштагы кыз каза болду. Бир тууган агасы реанимацияда

Бүгүн, 8-январга караган түнү Жалал-Абад шаарында иске ууланып 2 жаштагы кыз каза болду. 4 жаштагы бир тууган агасы реанимацияда жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Балдардын жакындары аларды ооруканага алып келишкен, бирок кызды аман алып калуу мүмкүн болбой калган. Жалал-Абад шаардык милициясы бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын жана тийиштүү экспертизалар дайындалганын маалымдашты.

«7-январда саат 20:00 чамасында аял эки баласы уктап жаткан үйүнөн чыгып, саат 23:30 чамасында келген. Келген учурда жылыткычтын зымы эрип кеткенин байкап, бөлмөнү ис каптап калган. Аялдын кызы чарчап калып, уулу реанимацияда», — деп жазылат маалыматта.