Жалал-Абадда иске ууланып каза болгон кыздын агасынын абалы жакшы экени маалым болду

Иске ууланган баланын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын башчысы Кумарбек Ботокараев билдирди.

Ботокараевдин айтымында, бала реанимацияда, бирок абалы жакшы. Тамактанып жатат. «Буюрса, жакында палатага которобуз. Абалына карайбыз», — деди оорукананын башчысы.

8-январга караган түнү Жалал-Абад шаарында иске ууланып 2 жаштагы кыз каза болгон. Анын 4 жаштагы бир тууган агасы реанимацияга түшкөн. Балдардын жакындары аларды ооруканага алып келишкен, бирок кызды аман алып калуу мүмкүн болбой калган.