Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды. Тергөө иштери уланууда.