Жалал-Абад облусунда баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын сатуу менен алектенген жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 59 жаштагы жергиликтүү тургуну жашыруун шарттарда өсүмдук баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.
Кызматкерлер тарабынан кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда сарайынан сатууга арналган баңги каражаттар табылып алынган.
“Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 кг 635 грамм «гашиш» баңги каражат алынган. Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда”,— деп айтылат маалыматта.













