Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган 4 адамды издөө иштери уланууда

Жалал-Абадда кар астында калган 4 адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Сузак районундагы 349-чакырымына барган. Бирок аба ырайынын катаалдыгы жана жолдогу кардын көлөмүнүн көптүгүнөн көчкү катталган аймака чейин жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Облус башчысы белгилегендей, 14-февралда түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Казарман-Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү түшүп, үч жумушчуну басып калган. Окуя катталган учурдан тарта ӨКМдин куткаруучулары, Тогуз-Торо районунун акими баш болуп, издөө иштерин улантып жатат. Бүгүн, 15-февралда альтернативдик унаа жолдун Сузак районунун Көк-Арт ашуусуна жакын тоннелдин түштүк тарабына да кар көчкү түшүп, Пикап унаасын басып калды. Дагы бир Пикап унаасын жана бир вагонду көчкү сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир адам дайынсыз болууда. Кырсыктан жабыркагандардын экөө Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканада, дагы бири облустук клиникалык ооруканасына жеткирилди. Алардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Өкүл издөө-куткаруу жумуштары жүрүп, ӨКМдин облустагы кызматкерлери, бардык керектүү техникалар тартылганын билдирди. Мындан сырткары жолдорду убагында тазалоо тапшырмасы берилгенин айтты.
Аба-ырайынын катаалдыгына байланыштуу, аймакта кар көчкү жүрүү кооптуулугу дагы да жогору.