Жалал-Абадда курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун аймагынан курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунан курал-жарактардын арсеналын табышкан. Аксы районунун 47 жаштагы жашоочусу ар кайсы түрдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн.  Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылды:

— номуру өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү “Сайга” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы;

— 7,62 калибрлүү “Мосина” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы (карабин);

— колго жасалган бычак.

Мындан сырткары шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды: аюунун, сүлөөсүндүн, суусардын терилери. Бул жаныбарлар Кызыл китепке киргендигин жана аларды атууга тыюу салынганын белгилеп кетүү керек. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.