Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу менен кошо күйүп кетиши. Маркумдун артында 4 баласы калды
Кечээ, 23-июнда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен өрттөнүп кеткенин билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jalal-abadda-kyiyychy-mai-tashygan-unaa-aidoochusu-menen-kyiyp-ketti/">билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя жана айдоочу боюнча маалымат алды. Маалыматка караганда, унаанын ичинде жалгыз болгон айдоочу 1984-жылы туулган, Ат-Башы районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы болгон.