Жалал-Абадда кылмыштуу топту түзүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы кылмыштуу топту түзүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан топту түзүү же ага катышууга шектелген 1983-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ар кандай кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу ар түрдүү кылмыштарды жасап соттолуп чыккан. Кармалган жаран Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 248-беренесинин (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча издөөдө жүргөн.