Жалал-Абадда май ташуучу унаа оодарылып калды (сүрөт)

Жалал-Абадда май ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «102» кызматына Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында Бишкек-Ош жолунун 497-чакырымында май ташуучу унаа (бензовоз) жол кырсыгына кабылып оодарылып калды деген маалымат түшкөн. Абалды көзөмөлдөө үчүн Майлуу-Суу шарынын №83 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жол кыймылын көзөмөлдө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Жабыркаган адамдар жок.