Опузалап талап кылуу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Малик каймана аттуу жаран коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү опузулап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.










