Жалал-Абадда маркумдун сөөгүн алып бара жаткан унаа жол кырсыкка учурап, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 20-февраль күнү саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул району аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош жолунун 255-500-чакырымында болгон. Сузак районунун Ак-Тоок айылынын 1974-жылы туулган тургуну өзүнө тиешелүү болгон HONDA-ELYSION үлгүсүндөгү унаасы менен Сузак районунун Октябрь айылынын 1954-жылы туулган тургунунун жансыз денесин алып бара жатып, каршы багытта келе жаткан DAF-XF-460 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кесепетинен HONDA унаасынын айдоочусу, ошол эле унаанын жүргүнчүлөрү болгон Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну жана Жалал-Абад шаарынын 2006-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болушкан.