Жалал-Абад облустук прокуратурасы Жалал-Абад шаарындагы “Фуркат” атындагы орто мектептин курулушунан 6,3 миллион сом кымырып алгандарды таап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери ЖЧК менен алдын ала сүйлөшүп, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алышкан. Расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, мыйзамсыз түрдө 6,3 миллион сом акча каражатын төлөп беришкен.
«Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Материалдар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.