Текшерүүдө Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды. Ал эми тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы РИИБге тапшырылды. Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Бишкекте унаа оңдоочу жайда өрт чыкты
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө...






