Жалал-Абадда милиция кызматкеринен 563 килограмм күкүрт кислотасы табылды

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

10-мартта саат 13:00дө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) боюнча мурда катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Аксы районунун Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен «күкүрт кислотасы» алып келинген материалдарды сатуу учурунда Аксы РИИБинин кызматкери болгон Аксы районунун 1986-жылы туулган тургунунун үйүнөн 563 килограмм 700 грамм күкүрт кислотасы алынган.

Буга чейин «контролдук сатып алуу» атайын операциясынын жүрүшүндө ал Ош облусунун аймагында 330 килограмм 950 грамм «күкүрт кислотасы» прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 килограмм 650 граммды түзгөн. Кармалган жаран камакка алынды.