Жалал-Абадда милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБдин кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 21-июнда Сузак РИИБдин кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышкан. 2 кызматкер Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.