Жалал-Абад облусунда мурда бир нече жолу соттолгон жарандын жанынан 10,5 килограмм гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 9-июнда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы жаран кармалган. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү гашиш баңгизаты табылып алынды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.