Салык кызматынын Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жана коммерциялык секторлордогу коррупциялык системаларды жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.
Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 23-февралда Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.









