Жалал-Абадда сел 3 үйдүн короосун каптады (сүрөт)
Кечээ, 15-июлда Жалал-Абадда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 18:30 чамасында Кара-Суу айыл аймагында жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Кара-Суу-Кызыл-Көл ички чарбалык унаа жолунун 5-20 чакырым аралыгын каптаган.
Мындан тышкары, Көк-Кыя айылында 3 турак үйдүн короосун каптаган. Бүгүн тазалоо иштери улантылат.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/07/217823805_1265183427243853_8621787231468685396_n.jpg" alt="" width="498" height="1080" />